Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Жаңы жыл түнү 112 кылмыш иши катталды

01.01.2021 11:57
949
ИИМ: Жаңы жыл түнү 112 кылмыш иши катталды

31-декабрда Республикалык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмдөрүндө 184 арыз катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирди.


Анын ичинен 112 кылмыш жана 72 терс көрүнүштөр, ошондой эле 18 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, 19 адам жаракат алган.


Жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2129 протокол түзүлгөн.


Өлкөнүн аймагында коомдук тартипти 13 миңден ашуун полиция кызматкерлери камсыз кылышкан.


Эч кандай олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Өлкөдө Жаңы жыл түнү тынч өттү. Бүтүндөй республика боюнча криминогендик кырдаал бир кыйла тынч бойдон калган - кылмыштар адаттагыдан аз катталган.


Учурда өлкөдө абал туруктуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн