Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ: Жатак абагынан качып үйлөрдү карактап жүргөндөр кармалды (фото)

23.05.2020 12:36
1042
ИИМ: Жатак абагынан качып үйлөрдү карактап жүргөндөр кармалды (фото)


Үй ууруларынын тобу кармалып, көптөгөн уурдалган мүлктөр табылып алдынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери жарандардын мүлктөрүн урдоо фактыларына шектүүлөрдү кармады.


Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда  ыкчам кызматкерлер Улан аттуу жаранды байкап калышкан.  Мындан аркы жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө анын өздүгү аныкталып, ал  мурда соттолгон Нарын облусунун тургуну  1998-жылы туулган М.уулу У. болуп чыккан. Антыкталгандай, ал жатак-абагынан качып, жашырынып жүргөн. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.


Ал эми шектүүнүн өздүгүн, чөйрөсүндөгү жана кылмыштуу байланыштарын аныктап,р аны менен бирге мыйзамсыз иштерге баргандарды аныкташкан.


9-майда Бишкек шаарынын аймагында 22 жаштагы туулган М.у.У. жана аны менен кошо мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну А.у.К. кармалган.


Мындан сырткары, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар шаардын жашоочусу болгон үчүнчү жарандын өздүгү такталып, учурда ал жашырынып жүрүүдө. Алынган маалымат боюнча үчөө тең жазасын өтөп жаткан кезде тергөө абагында таанышкандыгы айтылат.


Шектүүлөрдүн үйүнө тинтүү жүргузгөн учурда сыналгы, кир жуучу машина, саат, алтын жасалгалары жана башка буюмдар табылган.


Кармалган жарандар Бишкек шаарында жана региондордо бир катар уурулукка тиешеси бар экени аныкталган. Алар: Ленин районунда - 22, Октябрь районунда - 2, Сокулук районунда - 2, Сузак районунун аймагында 4 уурулук фактысына тиешеси бардыгы тастыкталган. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар.


Маалыматка таянсак, аталган фактылар боюнча 200-берене (Уурулук) менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алуу бөгөт чарасы каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн