Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМ чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

14.04.2022 09:09
369
ИИМ чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып,  социалдык тармактарда тарап жаткан чагымчыл материалдарга ишенбөөнү сунуштайт.


Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.


Башка мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарга байланышкан маалыматтарды каалагандай бурмалап жана алардын жарандарын мазактаган ар кандай видео-фотоматериалдарды тараткандан алыс болууну сунуштайт. Анткени  бул аракеттер моралдык этикага туура келбейт.

ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Белгисиз бирөөлөр тарабынан чагымчыл билдирүүлөрдүн таратылып жатышын ИИМ жасалма жол менен абалды курчутуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу аракети  катары баалайт.

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймакта коомдук-саясий абал туруктуу, тынчсызданууга жана кооптонууга негиз жок. Күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.


Аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

 Эгерде мындай фактыга туш келип калсаңыз 102 номери аркылуу милиция билдирип коюуну өтүнөт.


ИИМ эскертет: Мыйзам бузууларга,  чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө,  коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар ачыкталса,  мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн