Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ИИМ финансы-кредиттик мекемелерди өз мүлкүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырды

16.06.2020 18:27
1120
ИИМ финансы-кредиттик мекемелерди өз мүлкүнө жоопкерчиликтүү болууга чакырды


Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы өлкөдөгү финансы-кредиттик мекемелерин өз мүлктөрүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырат, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.

 

Алардын билдирүүсү боюнча, 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейинки аралыкта республиканын аймагында сактык кассалардан жана банкоматтардан акча каражаттарын тоноого байланышкан бир нече кылмыштар катталган, анын жыйынтыгында миллиондогон акча каражаттарына зыян келтирген.

 

Талас, Жети-Өгүз, Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларынын аймактарында жайгашкан финансы-кредиттик мекемелердин банкоматтарынан жана сакттык кассаларынан акча каражаттарын урдоо фактылары болгон. 


Жогоруда аталган бардык мекеме-чарбаларда болгон каракчылыктар жана урдоолор ИИМдин Күзөт кызматынын эмес, жеке күзөт мекемелеринин кайтаруусунун учурунда болгон.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн