Теке 27, 2024
Убакыт: 09:20
USD
EUR
RUB

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда

22.09.2023 15:02
290
ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда


ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюуга багытталган мобилдик тиркемени иштеп чыгууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан зордук зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга тез жардам берүү максатында, Түркия мамлекетинин Ички иштер министрлиги тарабынан
сунушталган  “Кадес” мобилдик тиркемеси иштелип жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү үчүн тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Бул “Кадес” мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу бекер жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин, өзү жөнүндө толук маалыматы (аты жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт, андан соң, телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.

“Кадес” мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулукка кабылган учурларда гана эмес, сексуалдык зордук-зомбулукка, асылууга, аңдууга жана башка кооптуу кырдаалдарга учураган учурларда жардам сурай алышат.

Эгерде зордук зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе (мисалы, ээн караңы көчөдө), жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт (жайгашкан жериңизге жараша), жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн