Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ИИМде АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

25.03.2022 15:16
384
ИИМде АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү менен жолугушуу болуп өттү


2022-жылдын 24-мартта ИИМдин имаратында Ички иштер министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин коопсуздук боюнча аймактык кеңешчиси Эрик Олеруд, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) Борбордук Азиядагы өкүлү Блейк Вирт мырза жана Баңгизаттарга каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги чөйрөсүндөгү эл аралык программанын башчысы Чарльз Хардвей мырза менен жолугушту.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Андан сырткары, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин укук коргоо органдары менен байланыш боюнча улук координатору Султан Абдиев катышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстанда кылмыштарды иликтөө, АКШнын Федеральдык тергөө бюросу жана Мамлекеттик департаментинин Кыргыз Республикасынын ИИМ ортосундагы Өз ара түшүнүү мемарандумунун долбоорун талкулоо менен укук коргоо чөйрөсүндө кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары күчөтүү боюнча бир катар маселелер сүйлөшүлдү.

Нурбек Жангабылов өз сөзүндө, “АКШнын Федералдык Тергөө Бюросунун кылмыштуулук менен күрөшүүдө эбегейсиз потенциалы бар жана Сиздердин тажрыйбаңыздарды үйрөнүү биз үчүн абдан маанилүү. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге байланыштуу, мен өз ара пайдалуу кызматташуунун оң динамикасын белгилегим келет” - деп белгиледи.


Жолугушуунун соңунда тараптар достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн