Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматынын финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу "Кактус медиа" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Эмил Эрмекбаев 28-декабрда кармалган. Ал Ички аскер бөлүгүндөгү дээрлик 34 миллион сомдук коррупцияга катыштыгы бар деп кармалган.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Ички аскер кызматындагы коррупцияны аныктагандан бир топ кызматкерлер аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн