Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:23
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

ИИМдин Академиясын аяктаган бүтүрүчүлөргө милициянын лейтенанты наамы тапшырылды

13.06.2022 11:30
819
ИИМдин Академиясын аяктаган бүтүрүчүлөргө милициянын лейтенанты наамы тапшырылды



2022-жылдын 13-июнь күнү Баткен ОИИБдин борбордук аппаратынын саптык аянтчасында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э. А. Алиев атындагы Академиясынын курсанттарына кезектеги аскердик наамды Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов тапшырды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

 

          Алгачкы офицердик наамдарды тапшырып жатып Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов алган наамдары менен куттуктап, “Коомдук-коопсуздукту коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу Сиздердин түздөн-түз милдетиңиздер, башынан аягына чейин таза иштеген кызматкер Кыргыз милициясынын беделин көтөрө алат. Мен ар бириңиздерди келечекте кызматтык милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга чакырамын”,- деп өз сөзүндө белгилеп кетти.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн