Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ИИМдин Ички аскерлеринде регбини өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү

12.12.2020 16:28
885
ИИМдин Ички аскерлеринде  регбини өнүктүрүү боюнча тегерек стол  болуп өттү


Үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Колбашчылыгында Ички аскерлеринин Колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиевдин, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Азия регби  федерацияларынын  жана спорттук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда,  Кыргызстанда регбини өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул иш-чаранынын алкагында региондордогу жаш балдардын, студенттердин, үйрөнчүктөрдүн арасында регбинин өнүгүүсү жана 2021-жылда эл аралык мелдештерге катышуу  жөнүндө негизги тенденциялары талкууланды. Ошондой эле тегерек столдун катышуучулары келекчектеги ушул спорттун өнүгүшү боюнча да жеке өздөрүнүн  тажырыйбалары менен бөлүшүштү.


Дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, COVID-19 илдетин алдын алуу жана санитардык-гигиенаны сактоо боюнча маселеси да четте калган жок.  


Жолугушууну жыйынтыктап жатып, катышуучулар негизги күчтү бирдиктүү форматта алып баруу маанилүү экендигин белгилеп кетишти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн