Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ИИМдин Ички аскерлеринде Нооруз күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү

19.03.2022 18:59
562
ИИМдин Ички аскерлеринде Нооруз  күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү


Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Командачылыгынын аймагында жаз майрамы Ноорузга карата арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Марат Нуралиев, аскер кызматкерлер менен алардын үй-бүлөл мүчөлөрү, чакырылган коноктор жана ардагерлер катышты. Бул тууралуу ИИМдин   Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди. 


Аскер кызматкерлеринин жамааты кыргыз элинин каада-салттарын эпизодтук көрүнүштөрү менен демонстрациялап, катышуучуларга Нооруз майрамынын ырым жырымдарын көрсөтүштү.


Көркөм чыгармачылык топтун жааматы, иш-чаранын катышуучуларына жазгы маанай жана дем күч берип турду.  Командалар ортосунда  улуттук жана спорттук оюундардын түрлөрү боюнча таймаш өз нугунда өттү.


Иш-чаранын алдында  аскер кызматкерлер Нооруз майрамынын салттуу “Сүмөлөк” тамагынын даамын татышты. Бул тамак түнү бою туруктуу аралаштыруу менен бышырылып, аскер кызматкерлерине таркатылды.


Майрамдык иш-чаранын аягында улуттук-спорттук оюундарынын жеңүүчүлөрүнө грамота жана акчалай сыйлык сыйланышты.


Жазгы Нооруз майрамына арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө белгиленип өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн