Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 60 миллион 699 миң 960 сомго 60 унаа сатып алууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар мекемесинен кабарлады.
Тендердик документтерге ылайык, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 18-ноябрына чейин уланат.
Унаага коюлган талаптар:
Чыгарылган жылы - 2021-жылдан эрте эмес, жаңы
Кузов түрү - седан, орундардын саны 5
Узундугу - 4330 мм ашык эмес
Туурасы - 1713 мм ашык эмес
Бийиктиги - 1505 мм ашык эмес
Эшиктердин саны 4
Ак түстө болуусу зарыл
Мотор түрү - Бензин жана газ
Руль - сол
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн