Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ИИМдин гарнизондук саптык кароосу өттү

30.12.2020 12:19
791
ИИМдин гарнизондук саптык кароосу өттү

2020-жылдын 30-декабрь күнү Бишкектеги эски аянтта милициянын гарнизондук саптык кароосу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жаңы жылга карата коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү жер-жерлерде уюштуруучулук жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.


Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Жаңы жыл майрамдарына даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын
коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” буйругу чыккан.

Жаңы жыл майрамдарынын алдында ИИМ шаарда жана региондордо калктын корголуусун камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө, калк жыш чогулган жайларда, соода-түйүн жана башка борборлордо коопсуздук чараларын күчөтүп, мамлекеттик, жеке жана өзгөчө маанилүү обьектилерди кайтарууну күчөтүү боюнча чараларды кабыл алды.

Андан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү үчүн жетекчилик курамдын күн-түн нөөмөтү киргизилип, күчөтүлгөн ыкчам-тергөө топторунун иши камсыздалды.

Милициянын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосун жыл сайын өткөрүү салтка айлангандыктан, анда ИИОнун кызматкерлеринин кызмат өтөөгө киришүүгө жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча өз милдеттерин аткарууга өтүүлөрү, андан сырткары кызматкерлердин сырткы көрүнүшүн, саптык тизилүүзүн текшерүү үчүн өткөрүлүп келет.

2020-жылдын 30-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө киришет.

Гарнизондук саптык тескемеге ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын, кызматтардын начальниктери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Аянтта өткөн гарнизондук саптык кароого ИИМдин бардык бөлүктөрү: ИИМдин Ички аскерлеринин аскерлери, ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун,
ЖКККББнын, Күзөт кызматынын милиционерлери, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, милициянын
кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн