Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ИИМдин кызматкерлери майрам күндөрүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

04.05.2023 17:55
531
ИИМдин кызматкерлери майрам күндөрүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы май майрамдарына карата 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун талаптагыдай камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын маалымат кызматы билдирет.


Бул күндөрү республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу иш-чаралары өткөрүлөт. Ошондой эле, өзгөчө маанидеги жана стратегиялык объектилер күчөтүлгөн коргоого алынган.


Мындан сырткары, бүгүнкү күндө коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалыматтар боюнча актуалдуу маселе турат. Мындай кылмыштарды алдын-алуу, бөгөт коюу үчүн Күзөт кызматынын кызматкерлери комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө.  


Эскерте кетсек, 2023-жылдын апрель айында борбордогу мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө массалык түрдө жалган билдирүүлөр келип түшкөн. 


  2023-жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки маалыматтарга караганда, Күзөт кызматынын Борборлоштурулган көзөмөлдөө түйүнүнүн “Айгай” баскычына билим берүү мекемелеринен бомба коюлгандыгы боюнча 48 билдирүү келип түшкөн. 


2023-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы мектеп жана башка окуу жайларда жардыруучу зат коюлгандыгы боюнча эң көп “Айгай” баскычы басылган, тактап айтканда, Күзөт кызматына 21 мекемеден чалуу келген. “Айгай” баскычы боюнча Күзөт кызматынын Бишкек шаарындагы күзөт бөлүмдөрүнүн кармоо топтору ыкчам чара көрүп, бир эле учурда бардык аймактарды тейлөөгө жетишкен.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн