ИИМдин Академиясынын кызматкери менен курсанттар сууга агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары Б. Молдосанов, Тынчтык уулу М., Б. Акматов жана Академиянын кызматкери милициянын прапоршиги М. Осеков Аламүдүн -1 кичи районунда сууга агып бара жаткан жаш өспүрүм кызды куткарып калышты. Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына тапшырып беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн