2020-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кесиптеши, ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевичтин мезгилсиз дүйнөдөн айткандыгын терең кайгыруу менен коомчулукка маалымдаган.
Бүгүн, 26-ноябрь күнү Бишкек шаарында Жолдошбек Карабалаевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төагасы Султан Жоошбаев, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, башкармалыктардын начальниктери, ИИОнун ардагерлери жана туугандары катышты.
Ички иштер министрлигинин Ардагерлер Кеңешинин төагасы Султан Жоошбаев митингди алып барып жатаып Жолдошбек Карабалаевичтин өмүр таржымалына кеңири токтолду. 1947-жылы 2-октябра Талас районунда азыркы Көпүрө-Базар айылында туулган. 1965-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Комсомолдук жолдомо менен чабан болуп иштеген. 1966-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-2005-жылдары ички иштер органдарында иштеген.
Милициянын полковниги. Бул тармактагы кызмат учурунда 70тен ашык ар түрдүү өкмөттүн жана түзүмдүн медалдары баш болгон сыйлыктарга татыктуу болгон. Эки ирет ардактуу куралдар – “Марголин” тапанчасы жана спорттук майда калибрдеги сайлуу мылтык менен сыйланган. 1980-жылы СССР ички иштер министринин буйругу менен “Милициянын отличниги” ардактуу наамы ыйгарылган, Москва шаарында 1980-жылы өткөн Бүткүл дүйнөлүк Олимпиада оюндарынын коопсуздугун сактоо боюнча Кыргыз ССРинин ички иштер министринин курама отрядынын командиринин орун басары катары ийгиликтүү аткарган кызматы үчүн “За отличную охрану общественного порядка” медалына татыктуу болуп, СССР ички иштер министринин алкышы жарыяланган.
Билими жогорку – 1977-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Университетинин филология факультетин жана 1987-жылы СССР ИИМинин Ташкенттеги жогорку мектебинин атайын факультетин бүтүргөн.Өзүнүн негизги иши менен катар ар түрдүү чыгармачылыкты кошо ала жүргөн. Ички иштер органдарынын орусча-кыргызча сөздүгүн түзүүгө катышкан. “Кыргыз милициясы” энцклопедиясынын авторлорунун бири. Бир нече адабий жана окуу китептеринин редактору болгон. 1982-1985-жылдары Кыргыз телевидениесиндеги ай сайын чыгуучу “Абийириңди жашыңдан сакта” жана “Береги честь с молоду” деген орусча – кыргызча бир сааттык берүүлөрдү уюштурган жана алып баруучусу болгон. Ушул эле телевидениеде “Мен чилистен”, “Шерине”, “Ыр кесе”, жана кесипчилик боюнча бир нече берүүлөрдү уюштуруп эфирге чыгарып жүргөн. Мезгилдүү басма сөздө кылмыштуулуктун алдын алуу жагы ага каршы күрөшүү боюнча 500дөн ашык макаласы жарык көргөн. Ж.Бузурманкулов адис котормочу катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын комментарийлерин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык Кодексинин комментарийлерин да которуп китеп кылып чыгарган (700 беттен ашык).Ал мыкты акын катары да республикага белгилүү. Анын бир нече ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышып эл арасында таралган.
Бүгүнкү күндө популярдуу болуп ырдалып жүргөн “Илияздын ыры”, “Баланын 30 жылдан кийинки каты”, “Алгачкы махабат” ж.б. көптөгөн ырлар да Ж.Бузурманкуловдун калемине таандык. Анын ырларын аткарган ырчылар Кыргыз Республикасынын “Эл артисти” наамына чейин жетип жатышат. Ж.Бузурманкулов тарабынан “Курсанттардын маршы”, “Милициянын маршы”, “Өрткө каршы кызматкерлердин маршы” , “Аскер маршы” жазылып, аталган кызматтарда аткарылып жүрөт. Жакында эле “Кызматыбыз мекенге” деген ат менен Жаза аткаруу тутумунун маршы жазылып, ал көпчүлүк тарабынан кызуу колдоого алынды. Ж.Бузурманкулов мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча да, алгылыктуу салымдарын кошуп келет. Ал күч органдарынын арасында уюшулган мамлекеттик тил боюнча уюмдун жана анын иштиктүү тобунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгисине татыктуу болгон. Иш кагаздарын мамлекеттик тилге даярдоо боюнча Башкы башкармалыкта консультанттык милдетти жана уюштуруу комитетинин мүчөсүнүн милдетин аткарган. Ал ЖАББнын эки тилде чыгуучу “Үмүт” гезитинин редактору болуп иштөө менен гезиттин ишин тийиштүү жолго койгон. Гезит тематикалык жагынан ар түрдүү болуп, оформлениеси да жакшы, ошону менен бирге үзгүлтүксүз чыгып жатат.
Ж.Бузурманкулов коомдук иштерге да активдүү катышып келген. Ал “ДА” (ДИАЛОГ ЕВРАЗИЯ) Эл аралык платформасынын Кыргызстандагы уюмунун төрагасынын орун басары болгон. Кыргызстан жөнүндөгү анын макалалары ушул платформанын органы “ДА” журналына такай жарыяланып келген. Ж.Бузурманкулов 2006-жылы Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында кыргыз элинин маданий борборун уюштурууга активдүү катышып, ушул жылдын 1-майында аны ачууга Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин өкүлү катары катышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн