Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ибраим Нуракун уулунан ЖКга жаңы келе турган депутаттарга кабинет тандоодогу кеңеши

06.12.2021 12:55
3359
Ибраим Нуракун уулунан ЖКга жаңы келе турган депутаттарга кабинет тандоодогу кеңеши

Бир аз мурда бир телеканалдан кабарчы кыз телефон чалып: "7-чакырылыштын депутаттары келбей жатып эле кабинет талашып жатыптыр деп угуп атабыз. Сиз парламенттин мурдагы басма сөз катчысы катары мурда кабинеттер кантип бөлүштүрүлүп жүргөнүн айтып бере аласызбы?", - деп сурады. 

Тилекке каршы интервью берүүгө убактым болбой калды. Ошентсе да, мурдагы пресс-катчы катары жаңы депутаттарга, эгер кабыл алышса, анча-мынча кеңешимди берип коёюн дедим, ушул кабинет маселеси боюнча. 

 

 Урматтуулар, кийинки беш жыл бою олтуруп иштей турган жериңиздерди азыртадан камдап койгонуңуздар эң туура иш. Бирок, менин журналист катары байкаганым, кабинетке караганда жыйындар залындагы орундар да өтө маанилүү. Колдон келсе, микрофонго жакын жердеги креслону тандаңыздар. Айрыкча, процедуралык маселелер боюнча же башка маанилүү талкууларда чыга калып сүйлөп турууга абдан ыңгайлуу болот. Залдагы телекамералар дагы ошол микрофондун тегерегиндеги орундарды көп көрсөтөт. Сүйлөбөсөңүз деле таанымал депутат болуп калса болот.


Кабинетти, эгер иштеген депутат болсоңуз күн тийген жагынан алыңыз. Эртеден кечке күндүн нурун көрбөй иштөө өтө кыйын. Эгер келип-кетме депутат болсоңуз көлөкө жагы жакшы. Жайкысын ысып келгенде салкын кабинетте олтуруп алып чай ичкенден өткөн ырахат жок. Ал эми кабинеттин көлөмү, кабаты депутаттык ишке анча деле таасир этпейт. Мисалы, "легендарлуу" алтынчы чакырылыштын депутаттары Жанар Акаев, Аида Касымалиева, Алтынай Өмүрбекова, Рыскелди Момбеков, Абдывахап Нурбаев деген депутаттар, мен билгенден дүйнөдөгү эң тар кабинеттерде олтурушчу. Бирок, бул алардын таанымал депутат болушуна эч тоскоолдук кылган жок. Мисалы, бир жолу депутат Нурбаев таза аба долбоору боюнча талкууну өзүнүн кабинети тар болуп калып, менин тар, бирок аныкынан бир метрге кененирээк кабинетимде өткөргөнгөнү эсимде.

   Ошондон улам, кабинет канчалык тар болсо, иш ошончолук ийгиликтүү болот экен деп ойлоно берем. Убагында Дооронбек Садырбаев да тар кабинетте олтурчу эле.


Ибраим Нуракун уулу, ЖКнын мурдагы маалымат катчысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн