Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Ихсан” кооперативинин жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылды

17.02.2024 10:19
252
“Ихсан” кооперативинин жетекчиси 12 жылга эркинен ажыратылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, судья Абдималик Акматов кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүнү милдеттендирди. Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.


Эске салсак, "Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн