Бугу 10, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ыкчам штаб авиа жүргүнчүлөрдү аэропортторго эртерээк келип туруусун сунуштады

30.05.2020 13:59
1004
Ыкчам штаб авиа жүргүнчүлөрдү аэропортторго эртерээк келип туруусун сунуштады


Республикалык ыкчам штаб аткарылып жаткан чартердик каттамдарга жана кайра жанданышы пландалган ички туруктуу авиакаттамтарга байланыштуу аэропортторго эртерээк келүүнү сунуштады.

 

Штабдан билдиришкендей, COVID-19 боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, аэробекеттик комплекстердин имараттарына кагазга чыгарылган авиабилетин же уюлдук аппараттарда электрондук билетин көрсөтүү менен авиа жүргүнчүлөр жана жашы жете элек балдарды, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды коштоочу адамдар гана киргизилет.


Аэробекеттик комплекстердин кире беришинде термометрикалык көзөмөл жүргүзүлөт.


Сиздердин коопсуздугуӊуздарды камсыздоо максатында аэробекеттердин ичинде беткап тагынуу тартибин так сактоого чакырабыз. Коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз”, - деп билдирди штаб.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн