Кээ бир сөздөрдү айтууда чоң саясатчылар деле адашат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов "Супер кг" порталынын берүүсүндө билдирди.
Анда ал кээ бир сөздөрдү айтууда жаңылып калганы боюнча сындарга кандай көз карашта экенин билдирди.
"Иш маалында ар кандай болот экен да. Мен эле эмес, чоң саясатчылар деле жаңылып калат. Путин, Сооронбай Шарипович жаңылган сөздөн Садыр Жапаров дагы жаңылып калды. Ушундай бир учур болуп калат. Мени сындап келишет. Башында ар кандай сын-пикирлерге көңүл бургам. Кийин көңүл бурбай калдык. Баарына жагыш кыйын. Ошол маалда ошол сөздү айта албай калганым жакшы болгондур. Сөздөн жаңылсам жаңылган чыгармын, бирок Кудай туура эмес жолго бастырбаганына шүгүр", - дейт ал.
Пикирлер (2)