Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ыктыярчылардын 560 даана кычкылтек концентраторлору жаңы ооруканаларга бөлүнөт (фото)

31.07.2020 08:41
1185
Ыктыярчылардын 560 даана кычкылтек концентраторлору жаңы ооруканаларга бөлүнөт (фото)

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана волонтерлор «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча келип түшкөн 560 кычкылтек концентраторлорун кабыл алуу жана бөлүштүрүү иш-чарасына катышты.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр мамлекетке COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдон келген көмөгүн көрсөтүп жаткан «Ас Салам» коомдук фондуна, жалпы волонтерлорго жана дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди. 

 

«Бүгүн президенттин колдоосу аркылуу «Ас Салам» коомдук фондунун линиясы боюнча республикага 560 кычкылтек концентратору түрүндө гуманитардык көмөк келип түштү. Алынып келинген кычкылтек концентраторлору өлкө президентинин тапшырмасы боюнча курула турган жаңы ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилет. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө салымын кошуп жаткан жактарга ыраазычылык билдирем. Биргелешкен күч-аракеттин натыйжасында биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу өтүп, вирусту жеңип чыгаарыбызга ишенем», - деди вице-премьер-министр.

 

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөгө донордук жана эл аралык уюмдардан, волонтерлордон келип жаткан гуманитардык жардамдар комиссиянын чечиминин негизинде ачык-айкын бөлүштүрүлүүдө.

 

Өз кезегинде «Ас Салам» фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев кошумчалагандай, ушундай кыйын кырдаалда эл биримдикте болуп, пандемияга жапырт каршы туруу керек. 

 

«Биз бири-бирибизге жана мамлекетибизге жардам берип, бирибизди бирибиз сындабастан, илдетти жеңип чыгуубуз керек», - деди ал.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн