Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 01:17
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экени айтылды

Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экени айтылды


Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экени айтылды. 

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн, 6-декабрда И.Т. аттуу соттолуучу кесилген жарааты менен Биринчи май райондук сотунан Тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген. 

Медициналык кароодон кийин дарыгерлер жараатта тамырлар жабыркабагандыгын жана олуттуу кан жоготуусуз болгондугун аныкташкан. 

"Бейтапка тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот учурунда ал өз өмүрүнө кол салганын айтылган. 

Ал буга чейин УКМК тарабынан 22-апрелде “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген берене боюнча айыпталып кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн