Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 22:26
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Иманов: «Альфа Телеком» сатылса да, контролдук пакет мамлекетте калат

13.06.2023 12:16
733
Иманов: «Альфа Телеком» сатылса да, контролдук пакет мамлекетте калат


Megacom уюлдук операторун баалоо аяктады, компания сатууга даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Талантбек Иманов билдирди.


Ошол эле учурда «Альфа Телеком» ЖАКтын акцияларынын контролдук пакети мамлекетте каларын тактады.


«Альфа Телеком» жабык акционердик коому 2023-2025-жылдарга менчиктештирүү программасынын алкагындагы компаниялардын бири. Сметалык баасы 12 миллиард сомду түзөт.


Компанияны сатыкка коюу аракети буга чейин да болгон, бирок резонанстуу жаңжалдар жана соттук териштирүүлөр менен коштолгон. Ошондуктан 2019-жылы сатууга мүмкүн болгон эмес. Анда компанияны алгач 19 миллиард сомго, андан кийин 14 миллиард сомго сунушталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн