2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик менчиктештирүү жөнүндө" жана "Аманат" холдингин түзүү боюнча талкуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев мамлекетке жакшы пайда алып келип жаткан ишканалардын менчиктештирилишине каршылыгын билдирди.
"Азыр сиздер мамлекеттик бюджетке жакшы киреше алып келип жаткан ишканаларды менчиктештирүүнү сунуштап жатасыңар. Мен бул мыйзамга каршымын.
Анткени "Мегаком", "Кыргыз почтасы" сыяктуу ишканалардын "Аманат" холдингине өтүшү сатылат же жок болот деген сөз.
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Ширшовдун көрсөтмөсү менен иш кылат. "Аманат" жаман ат, сатылат, жоголот деп эле айткыла",- деди депутат Токторбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн