Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Индияда үч поезд кагылышып, 230дан ашык адам каза болду

03.06.2023 09:10
1206
Индияда үч поезд кагылышып, 230дан ашык адам каза болду

3-июнга караган түнү Индиянын Баласор шаарында үч поезд кагылышты. Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, темир жолдогу кырсыктан кеминде 200 адам каза болгон.


Азыркы учурда 500дөй тез жардам унаасы жана куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилүү болгондой, жүргүнчү ташыган тез ылдамдыктагы поезд рельстен чыгып кулаган, ошол эле маалда бир жүргүнчү ташуучу, бир жүк ташуучу поезд келип кагылышып кеткен.


Натыйжада 233 адамдын жансыз денеси табылган. Жаракат алгандардын саны 1000ден ашкан. Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө каза болгон жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн