Дели-Бишкек-Дели каттамы боюнча 6 Кыргыз
жаранын "Манас" Эл
аралык аэропортунан тосуп алышты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, учакта 6 кыргызстандык учуп келген. Бул каттам Кыргызстандан Индиянын жарандарын чыгарып кетүү үчүн уюштурулган.
Учурда кайтып келген жарандардын баары Саламаттыкты сактоо министрлиги
тарабынан бекитилген
тартипте обсервацияга жаткырылары айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн