Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын Ядав аттуу 45 жаштагы дыйканы өзүнүн өткөн айда ижарага алган жеринен 14,98 караттык асыл таш таап алган.
Ядав аны кадимки таш деп ойлоп, бирок тазалагандан кийин таш башкача жаркырап турганын байкады.
Андан кийин ал ташты дароо регионалдык алмаз борборуна алып барып, ал жерде чыныгы бриллиант катары таанылып, баасы 80 миң доллардан ашкан. Ядав аны аукциондо саткан.
Ал буга чейин жетишилген нерсеге ыраазы болбой, ушул жер тилкесинен алмаз издөөнү улантууга ниеттенип жаткандыгын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн