Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Инфаркт алган экс-министр К.Чолпонбаевдин абалы кандай?

23.10.2020 14:32
530
Инфаркт алган экс-министр К.Чолпонбаевдин абалы кандай?


Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев ооруканада дарыланууну улантып жатат. Бул тууралуу 23-октябрда Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев билдирди.


Кечээ эртең менен К.Чолпонбаевдин оор абалы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна инфаркт диагнозу менен жаткырылган.


Аталган борбордун ооруканага барган өкүлдөрүнөн СИЗО-1 мекемесинин жетекчисинин уруксат кагазын талап кылып жолуктурушкан эмес. Мурунку министр аталган абакта убактылуу камакка алынган болчу.


Буга чейин Космосбек Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип, эки айга камакка алынган болчу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн