Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:43
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Казынага 9 млн сомдой зыян келтирген. Экс-министр К.Чолпонбаев кармалды

16.09.2020 09:14
2920
Казынага 9 млн сомдой зыян келтирген. Экс-министр К.Чолпонбаев кармалды


Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Космосбек Чолпонбаев кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.


Маалыматка караганда, ал шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.


"Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Алтынбек Суйоркулович
Уйат,намыс деген калбады.мамлекетти торогондорду омур бойу турмого отургузуу керек,жегенин кустуруп.
тимур
эчак камаш керек эле