Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Инсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт

07.02.2024 18:43
172
Инсульт менен инфаркттан корксоң тузду азайт


Кыргызстанда соңку жылдары жүрөк-кан тамыр жана инсульт илдетине чалдыккандардын саны көбөйгөнү айтылууда. Дарыгерлердин маалыматында, эрезеге жеткен ар бир экинчи кыргызстандыктын кан басымы жогору.

Айрым адистер жугуштуу эмес оорулардын күчөшүнүн бир себебин биз күн сайын колдонгон туздан көрүшөт. Мындан улам өткөн жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда тузду ашыкча колдонуудан баш тартууга чакырган акция өткөн. Аны Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте өткөргөн.

Өнөктүк жана туздун пайда-зыяны тууралуу Бишкек шаарынын санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Тамак-аш бөлүмүнүн дарыгери Майрамбүбү Иманкулова "Азаттыктын" "Сергек жашоо" подкастында айтып бермекчи.

- Майрамбүбү айым, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, туздуу тамакты көп жегендер инсульт, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык дарттарга көп чалдыгат экен. Мунун чын-бышыгын өз оозуңуздан уксак?

- Акыркы жылдары кыргызстандыктар арасында жүрөк-кан тамыр, онкология, кан басымдын жогору болушу, инсульт өңдүү жугуштуу эмес ооруга чалдыккандар көп катталууда. Басымдуусу эмгекке жарамдуу куракта. Алар ооруп калгандан кийин сөзсүз бейтаптык баракча ачтырат, иш берүүчү аны төлөөгө милдетүү. Оорулар жашарса, бюджетке да күч келет. Андыктан дартка каршы күрөштү бир гана Саламаттык сактоо министрлигине жүктөп койгон туура эмес. Экономика министрлиги да кол кабыш кылышы керек.

- Кантип?

- Азыр дүкөндөрдө кытырак картөшкө (чипсы), катырылып, туздалган нан (кириешки) дегендер сатылып жатат. Алардын көбү бизге Орусия, Беларус, Казакстандан келет. Бул азыктарга тез бузулуп кетпеши үчүн туз атайын көп кошулат. Бизде буларды чыгарган бир-эки эле өндүрүш бар. Ошондуктан өкмөт Экономика министрлиги кайсы товарларды Кыргызстанга киргизүү керек, кайсыларын киргизбеш керек деген маселени коюуга тийиш. Ошол эле майонез, кетчупка да туз көп кошулат. Дагы бир байкаганым, акыркы жылдары кыргызстандыктар коомдук жайларда көп тамактана баштады. Көпчүлүгү, айрыкча тез татымдар көбүнчө жарым даяр (полуфабрикат) азыктар менен тамак жасайт. Албетте, алардын тамагы арзан. Бирок аны алып жатканда эмнеге арзан деп ойлонсок болмок. Жакшы эт эч убакта арзан болбойт. Ага тузду, башка даам күчөткүч заттарды аябай кошушат. Мунун баары ден соолукка зыян.

- Коомдук тамактануу жайларында туздун өлчөмүн кантип азайтуу керек деп ойлойсуз? Тамакка тузду аз кошкула дейсиздерби же үстөлдөгү тузду алып саласыздарбы?

- Тузду азайтуу боюнча өнөктүгүбүз өткөн жылы 30-октябрдан 6-ноябрга чейин болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү келди. Өнөктүктү биринчи “Зерно” ресторанынан баштадык. Ал жакка элди чакырып, тузу жок эле сонун тамак жасаса болорун көрсөттүк. Ашпозчуларга рахмат, жардам беришти.

Негизи тамакка туздун ордуна ашкөк, сельдерей, райханды ж.б. чөптөрдү кошсо болот. Анткени алардын курамында туз бар. Адамдын тилинде даам сезүү рецепторлору бар да. Ошол чөптөр аларга жакшы таасир этип, тамактын даамын чыгарат.

Бир катар ресторан, кафелердин жооптуу кызматкерлери менен иштеп, “тузду үстөлдөн алгыла, тамакка аз кошкула” деген семинарларды өткөрдүк. Үстөлдөгү кол аарчыгыч салган кутуга “Тузду аз колдонгула, ден соолугуңарды сактагыла” деген жарнамалык кагаздарды чаптаганга берип жатабыз. Албетте, элдин аң-сезимин өзгөртүү оңой эмес. Бирок кичине кадамдар менен акырындап жеңишке жетсе болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдүн 80% жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын илдеттерине, онкология жана инсультка туура келет экен. Бул ооруларга кандайдыр бир деңгээлде туздуу азыктар себеп болору да жазылыптыр...

- Өкүнүчтүүсү бул дарттар пайда болгондон кийин өнөкөткө айланып кетет. Бирок аларды туз пайда кылып атат деп айтууга болбойт. Башка факторлор да бар. Ошол эле маалда туздун дартты козгогон таасирин да жокко чыгара албайбыз. Биз майлуу, туздуу тамактарды жакшы көрөбүз. Этти аябай туздап, сүрсүтөбүз. Жөн эле жесек болмок, себеби малдын этинде ансыз деле 5-7 граммга чейин туз болот. Икра, жумуртка, балыктын курамында да ушунча көлөмдө туз бар. Биз аны ого бетер күчөтүп жатпайбызбы. Туз жүрөк оорусуна кандайча себепкер болот? Биздин организм суудан турат. Ал сыртка тер, заара, дем алганда буу менен кошо чыгат. Организмдеги ашыкча туз ошол сууну чыгарбай кармап калат. Суу көбөйгөн учурда, кан тамырлар чыңалат. Кан тамыр чыңалганда, жүрөктүн иштеши да оорлойт. Ал мээге дагы таасир этет. Кокус тамырлар жарылып кетсе адам инсульт алат.

Тузу өткүр тамак бөйрөккө да зыян, аны денеден бөлүп чыгара албай, таш пайда болот. Бала болсун, кары болсун тузду аз жеш керек. Айрыкча 70-80 жашка чыккандар үчүн туздуу тамак кооптуу.

- Сиз тамак-аш курамында ансыз деле туз бар дедиңиз. Андай болсо, тамакка туз кошпой эле жесе болот турбайбы?

- Туз деле маңзат сыяктуу да. Адам көнүп калса, жегиси келе берет. Андай көз карандылыктан акырындык менен арылса болот. Жер-жемишти көбүрөөк жеш керек. Сельдерей менен жаңгакты аралаштырып, лимондун ширесин кошуп жесе болот. Лимондун ширесин тамакка кошсо, тузга болгон эңсөөнү басат, сарымсак дагы ошондой касиетке ээ. Сельдерейдин тамыры организмдеги ашыкча сууну чыгарганга жакшы жардам берет.

Эттин бардык түрүндө туз болорун жогоруда айттык. Андыктан ага туз эмес, сарымсак, райхан, ашкөк кошуп, бир күн муздаткычта сактап койсоңуз, чөпттөгү микроэлементтер этке сиңет.

- Бизде көп кожойкелер жашылчаны туздап, кышка сактайт эмеспи. Аларга кандай кеңеш бересиз?

- Маринаддалып, туздалган жашылчаларды рациондон азайткан оң. Биринчиден, консервалаганда жашылчада эч кандай витамин калбайт. 80-100 градус ысыкта жарым сааттан кем эмес кайнап жатат да. Бир гана клетчатка калат. Экинчиден, кышка жабылган салат ботулизмге себеп болот. Бул дарт кээде өлүмгө чейин жеткирет.

Өткөндө бир үй-бүлөдөн алты киши тамакка ууланды. Үйүнө барсам, 20 литр салат жаап, 30 банкадан ашык бадыраң, 20 литр помидор туздаптыр. Ошондон жешкен экен, баары ооруканага жатты.

Жашылчаларды кургатып же тоңдуруп жесе деле болот. Кургатканда микроэлементтер 100% сакталат. Тоңдурганда нөл градуска эмес, минус 15 градуска коюш керек. Дароо ушундай муздакка салсаңар, бардык микроэлементтерди сактап калууга болот.

- Бирок жашылча-жемиштерди атайын цехтерден деле консервалашат да. Дүкөндөрдө башка өлкөдөн келген консервалар жайнап турат. Алардын курамын текшерип турасыздарбы?

- Биздеги цехтерди текшеребиз. Бажы биримдигинин техникалык регламентине ылайык азыктарда кайсы зат кандай өлчөмдө болушу керек экендигин аныктаган ченемдер бар. Азыр Экономика министрлиги “бардык нерсени жасай бергиле, сата бергиле” деп жатпайбы. Мындайда санитардык кызматтын иши кыйындайт экен. Мурункудай жөн эле барып текшере албайсың. Ар бир тамактын эмнени канча кошуу керек, кантип даярдаш керек деген технологиялык картасы болот. Азыр аны сурасаң, “мунун санитардык кызматка тиешеси жок, бул технологдун же мамлекеттик стандарттын иши” деген жооп угасың.

- Биздин өндүрүштөн чыккан туздардын курамычы, аны текшерип турасыздарбы? Мисалы, туз йод менен байытылышы керек деген талап бар да.

- Коомдук жайларда болобу, дүкөндөрдөн болобу, туздун курамын текшерип турабыз.

Мурда биздин туздардын курамындагы йод 15 миллиграммдан ылдый түшүп калчу, кээде 40 миллиграммга чыгып кетчү. Ошол себептүү элге Украинадан, Беларустан келген туздарды сунуштачубуз. Азыр биздин ишкерлер туздун курамындагы йодду туура сактоону үйрөндү. Ченемдегидей эле, 25-30 миллиграммга чейин кошуп жатышат.

Өндүрүштүн ичинен эле тузду кантип жууганын, кантип кургатканын, йодду кантип кошконун текшеребиз. Йод туз кургак болсо жакшы сакталат, ным болсо бат эле касиетин жоготот. Анан идиштин оозу жабык болушу керек. Ачып койсо аба кирип, бузулат. Күндүн нуру дагы туздун курамындагы йодго зыяндуу. Көлөкө жерге коюш керек.

- Йодду туздан башка да азыктан алса болобу бизде?

- Эндокринологдор кайсы өрөөндө йод жетишпегендигин билишет. Мисалы, Ош менен Таласта богок дартына чалдыккандар (калкан безинин оорусу) көбүрөөк. Илгери ушул дарт көбөйүп кеткенде, профессор Иса Ахунбаев тузду йоддоштурууну биринчи болуп сунуштаган да. Ал киши атайын изилдөөдө кыргыздар тузду көп колдонорун байкаптыр. Анда туз Казакстандан, Аралдан келчү экен. Казактар менен сүйлөшүп, тузду йоддоштурушууга жетишкен. Ошентип, канча адамдын ден соолугун сактап калган.

Эл азыр балыкты көп жеп калды. Ар кандай балырлар сатылып атат. Булардын курамында сөзсүз йод болот. Өсүмдүктөрдө деле йод бар, бирок аз.

- Сиз келердин астында окурмандарга туз жөнүндө сурамжылоо кылдык эле. Көбү курутту көп жешерин, мунун себебин сурашыптыр.

- Адам организмин укканды үйрөнүшү керек. Балким алар туздалган курутту эмес, жөн эле курутту жегиси келип жаткандыр? Сөзсүз врачка барып, микроэлементке анализ тапшырсын. Кандын курамындагы натрий, кальций, магнийдин өлчөмүн билсин. Бул элементтер бири-бири менен байланышта. Балким организмге кальций жетишпей жаткандыр?

Негизи сүттүн 100 граммында 2 граммга жакын туз болот. Мал чөп жегенде андагы заттар этине, сүтүнө сиңет да. Бизде малга атайын туз дагы беришет эмеспи.

Андыктан курутту сүзмөнү жакшы сарыктырып, тузду аз кошуп деле жасаса болот. Акыркы кезде айрым компаниялар курутка туздун ордуна чөп-чар кошо баштады. Бул курут абдан пайдалуу, микроэлементтерге бай азык десек болот.

Бизде курут жасаган эки-үч эле фирма бар. Аларды албетте көзөмөлдөп турабыз. Жогоруда айтып кеткендей, алар сүт боюнча регламенттин талаптарына ылайык иштейт. Менимче, курутту ишеничтүү жерден алган оң. Беш сомду үнөмдөйм деп организмге 5 миң сомдук зыян келтирген болбойт. Андан көрө үйдөн чөп-чар кошуп өзүңүз жасап көрүңүз.

- Дүкөндөрдө деңиз тузу да сатылат эмеспи. Ал кадимки тузга караганда пайдалуу деген чынбы же реклама үчүн эле айтылган сөзбү?

- Туз алуу жолдоруна карата таш туз, чөкмө туз деп бөлүнөт. Таш тузду атайын шахталардан казып алышат. Чөкмө тузду кээ бир көлдөрдө, бассейндерде өзү эле уюп калган жеринен алышат. Биз колдонгон туз ошол. Ага йод, дагы башка микроэлементтерди кошуп, байытып жатышпайбы. Ал эми деңиз тузу чындап эле пайдалуу. Анткени деңизде балырлар өсөт, ар кандай суу жаныбарлары, балыктар бар. Алардагы микроэлементтер сууга, суудан тузга өтөт. Менин билишимче, эң эле пайдалуусу Индиянын кара тузу. Анын курамында жүздөн ашык микроэлемент бар деп айтышат.

- Туздун күнүмдүк рациондогу өлчөмү канча болушу керек?

- 5 граммга чейин. Бир чай кашык. Жашка карата дагы айтса болот. Тогуз айга чейин баланын тамагына туз кошпоого аракет кылуу керек. Жети жашка чейин балдар 2 грамм, 14 жаштан кийин 5 граммга чейин колдонсо болот.

- Такыр туз жебей койсо болобу?

- Такыр туздан баш тарта албайбыз. Жана айткандай өсүмдүктөрдө, балыкта, этте, сүттө, жумуртканын курамында туз бар. Негизи адамдын организминде 90-100 граммга чейин натрий тузу болот, ал булчуңдардын, нервдин иштеши үчүн керектүү, гемоглобиндин иштелип чыгышына жардам берет. Ботулизм же тамакка ууланганда адам кусуп, ичи өтөт эмеспи. Ошондо догдурлар организмдеги туз жуулуп кетпесин деп туздуу сууну (регидрон) жазып атышпайбы.

- Кадимки туздан башка дагы ашканадагы, дүкөндөрдөгү тамакка даам күчөтүүчү заттар кошулганын жогоруда айта кеттиңиз. Бизде аны киргизүүгө тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлдү беле?

- Тамеки маселесин көтөргөндөй эле, далай ирет бул боюнча да демилге көтөрдүк. Ветеринардык кызмат, Экономика министрлиги менен жолугушуулар болот. Өкмөттүн ишкерлерди колдогону жакшы, бирок жаштардын ден соолугун да ойлош керек.

Ар кимдин ден соолугу өз колунда. Адам биринчи кезекте “менин ден соолугум өзүмө, үй-бүлөмө, балдарыма керек” деп ойлошу керек. Сенин табагыңда эмне бар, эмнени жеп жатасың, аны догдур билбейт.

Туура тамактануу сабагы мектеп программасына киргизилсе жакшы болмок. Бизде ата-энелер кичинекей балдарын тез татымга ээрчитип барып, өздөрү көндүрүп жатат.

Өткөндө тез татымдан 60 киши ууланбадыбы. Сураштыра келсек, арасында Чыгыш-5 кичи районунан сатып алып, Жалга, 12-микрорайонго чейин ташып жегендер бар экен.

Мурда маалымат алуу кыйын болчу. Азыр телефон колдо, эмне зыян, эмне пайдалуу экенин ачып алып эле окуса болот да. Ооруп калгандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү оңой эмес.

Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн