Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:35
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Интернетти көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса ЖМКга кысым жаралат, - Олжобай Шакир

27.05.2020 16:37
1091
Интернетти көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса ЖМКга кысым жаралат, - Олжобай Шакир

 

Интернетти көзөмөлдөө тууралуу мыйзам долбоорунун коомдук талкууга чыгышы Кыргызстан демократиялык курстан кайра артка кайтып жатканын айгинелейт. Мындай пикирди журналист жана публицист Олжобай Шакир “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Учурда депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин коомдук талкуусуна коюлган Интернетке көзөмөлдү күчөтүү, маалыматты манипуляциялоо тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта, өзгөчө интернетти активдүү колдонуучулар тарабынан катуу сынга кабылды.


Олжобай Шакирдин пикиринде, бул долбоор Россиянын мыйзамдарынан көчүрүп алынган. Буга окшогон мыйзамдар авторитаризмге кайра кайтуу дегендик.


Бул мыйзамдын ишке ашып кетиши деле толук мүмкүн, себеби учурдагы парламенттен баарын күтсө болот. Анткени азыр сайттарды соттун чечими чыкканга чейин эле жаап коюуга мүмкүн болуп жатат. Бул мыйзам ишке ашса жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон кысым жаралат”, - дейт Олжобай Шакир. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн