Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 03:36
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Интерпол аркылуу Польшада кармалган Жапаровдун эжеси ИИМге жооп берди

27.05.2020 19:04
1122
Интерпол аркылуу Польшада кармалган Жапаровдун эжеси ИИМге жооп берди


Интерпол аркылуу Польшадан кармалганы кабарланган Райкүл Жапарова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына жооп берди. Жапарованын билдирүүсүн иниси Дөөлөт Жапаров таратты.


“Мага козгогон кылмыш ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу Райкүл Жапарованын күнөөсү жок деп, ишти артка прокуратурага жөнөтүшкөн, - деп айтылат маалыматта.


Мындан сырткары Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан иниси Садыр Жапаров 2012-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) камакта отурганда ошол кездеги бийлик Жапаров менен соодалашуу үчүн ага да иш козгогон деп эсептейт.


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул жаранга Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылган. Ага ылайык 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган.


Ички иштер министрлиги тарабынан Райкүль Джапарова эл аралык жана Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р.Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагында кармалган. Эми Кыргызстанга алып келүү жумуштары жүрүп жатканы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн