Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Интерполдун кызматкерлери качырып жиберген казакстандык кылмышкер кармалды

Интерполдун кызматкерлери качырып жиберген казакстандык кылмышкер кармалды


Ички иштер органдарынын ыкчам кызматтары тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн коңшу мамлекеттин жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, алардын арасында жакында эле изин жашырып качып кеткен Жамбыл облусунун тургуну дагы бар. Алсак, кармалгандардын бири Казакстандын Жамбыл облусунун Шу районунун тургуну 2000-жылы туулган Ш.М., ал мекенинде оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.

2022-жылдын 25-сентябрында Казакстан Республикасынын Шу районунун аймактык ооруканасына 23, 25 жана 26 жаштагы төрт жигит октон жаракат алып жаткырылган. Алардын бири кийинчерээк жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка тиешеси бар адамдар көп өтпөй полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок бир шектүү  Ш.М. качып кетүүгө
үлгүрүп, ага эл аралык издөө жарыяланган.


Маалым болгондой, ал Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Бишкекте жүзүн таануучу камералар издөөдө жүргөн жаранды аныкташкан. Окуя болгон жерге келген күзөт бөлүмүнүн (ИИМдин күзөт кызматы) кызматкерлери соода борборлорунун биринин аймагынан издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармашкан. Кармалган адам райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Бирок ошол эле күнү кечинде аны медициналык мекемеге экспертизадан өткөрүү үчүн алып келишкенде  качып кетүүгө үлгүргөн.

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда ички иштер органдарынын кызматкерлери качып кеткен жарандын жүргөн жерин аныкташкан. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы  Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликтеБишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда ижарага алган батиринен Ш.М.ны кармашкан. Адам өлтүрүү жана ден соолукка оор залал келтирүү боюнча издөөдө жүргөн Казакстандын жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Бишкекте ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн мекенинде издөөдө жүргөн Казакстандын дагы бир жаранын кармашкан. 2023-жылдын февраль айында Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы “Панаехали” кафесинин алдында белгисиз адамдар топтошуп алып  мушташкан. Мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында 1995-жылы туулган адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу эсине келбей каза болгон. Тергөөнүн божомолу боюнча, бейбаштык максатта топтошуп мушташка чыккан адамдар бычак жана ден соолукка зыян келтирүү максатында атайын ылайыкташтырылган каражаттарды колдонушкан.

Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесинин 3-бөлүгү “Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, кокустуктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” менен кылмыш ишин козголгон. Жогорудагы оор кылмышка катыштыгы бар деген шек менен Казакстан Республикасынын жараны Акмола облусунун тургуну 1995-жылы туулган А.Д.га издөө жарыяланган. Алынган маалыматтарга караганда, бул жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Издөөдө жүргөн жаранды  29-август күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Жал кичи районунун аймагында ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармоо иштери жүргүзүлгөн. Кармоо иш-чараларына Казакстандын Ички иштер министрлигинен жиберилген кызматкерлер да катышкан.

Кошумчалай кетсек, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “адам өлтүрүү” боюнча издөөдө жүргөн  Алматы шаарынын тургуну 1992-жылы туулган А.Б.ны ушул жылдын июль айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринен кармашкан. Бул адамдын Алматы шаарында июль айында түндө атып өлтүрүлгөн белгилүү клубдун 28 жаштагы фитнес-машыктыруучусу Дамир Туребаевдин өлүмүнө тиешеси бар. Андан соң жаран А.Б. жасаган иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашырып жүргөн.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн