Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ипотекалык насыя мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узарды

01.12.2021 11:28
1250
Ипотекалык насыя мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узарды

Президент Садыр Жапаров КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.


Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.


Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.


Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн