Бештин айы 11, 2024
Убакыт: 11:40
USD
86.65
87.15
EUR
91.20
92.20
RUB
0.845
0.900

Иран компаниясы Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорду инвестициялоого даяр

28.11.2024 12:22
415
Иран компаниясы Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлорду инвестициялоого даяр


Кыргызстандын элчиси Турдакун Сыдыков Ирандын Sadr Tamin Investment Company инвестициялык тоо-кен холдингинин башкы директору Ахмад Надери менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууга холдингдин директорлор кеңешинин мүчөлөрү жана тоо-кендерди өндүрүү боюнча тармактык компаниялардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда элчи Сыдыков КР министрлер кабинетинин өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, чет элдик инвесторлор үчүн киргизилген жеңилдиктер жана преференциялар, Кыргызстандын аймактарындагы актуалдуу жана келечектүү кендер, анын ичинде полиметаллдар жана сейрек кездешүүчү металлдар жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы учурдагы инвестициялык долбоорлор, жер казынасынын, пайдалуу кендердин тилкелери жана инвесторлор үчүн киргизилген жеңилдиктер жөнүндө толук маалыматты камтыган таркатма материалдар жана электрондук сактоочу каражаттар таратылды.

Өз кезегинде Иран холдингинин башчысы өз ара тыгыз кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин жана Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы долбоорлордун инвестициялоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Иран холдингинин жумушчу тобунун Кыргызстандын аймагындагы кендерди өздөштүрүү боюнча келечектүү инвестициялык сунуштарды ишке ашыруу боюнча тийиштүү макулдашууларга кол коюу жана жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн