Бугу 11, 2024
Убакыт: 02:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ирандын вице-президенти ШКУ саммитинде Газадагы абал тууралуу сөз сүйлөдү

26.10.2023 13:13
296
Ирандын вице-президенти ШКУ саммитинде Газадагы абал тууралуу сөз сүйлөдү


Газада түзүлгөн кырдаал — жалпы адамзатка каршы жасалган кылмыш. Бул тууралуу Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер Бишкекте өтүп жаткан ШКУ премьерлеринин саммитинде билдирди.


Ал өз сөзүндө израиль-палестин жаңжалын "дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөй" деп атады.


“Биздин иш-чара Газа секторунун эли тамак-ашы же суусу жок азап чегип отурган учурда өтүп жатат. Алар мыкаачылык менен жасалган чабуулдун курмандыгы болууда. Суу, азык-түлүк, дары-дармек жана электр энергияга бөгөт коюу адамзатына каршы жасалган кылмыш”, — деди Мохбер.


Акыркы маалымат боюнча, Газада 6,5 миң киши каза таап, 17 миңи жаракат алган. Израилде 1300дөн ашуун киши көз жумду, жарадарлардын саны да бир нече миңге чамалап барат. ХАМАСтын туткунунда 150-200дөй израилдик бар.


Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн