Кулжа 13, 2025
Убакыт: 01:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан компанияга кылмыш иши козголду

11.06.2025 17:21
55
Ири өлчөмдө салык төлөөдөн качкан компанияга кылмыш иши козголду


57 млн сом салык төлөөдөн качкан компанияга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, салык мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик салык кызматында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 57 млн сомдон ашуун суммадагы салык бюджетке төлөнбөй калган факты аныкталган.


Тактап айтканда, санариптик кызмат көрсөтүү, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, онлайн маркетинг жана навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүп келген ири компания салыктарды төлөөдөн узак убакыт бою качып келген.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө бюджетке салыктарды төлөөдөн качуу" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн