Бишкекте шаардык соттун судьясы Назгүл Ильязова камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg редакциясы өздүк булактарга таянуу менен билдирди.
Соттор кеңеши бүгүн кечинде кылмыш ишин козгоого уруксат бергени айтылат.
«Экинчи судья Заурбек Жунусов пара талап кылуу иши боюнча күбө бойдон калууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, судья УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага профилактикалык чара көрүлүшү керек», - деп билдирди редакция.
Эске сала кетсек, бир күн мурун Бишкек шаардык сотунун судьясы 10 миң доллар талап кылган деп шектелип жатканы белгилүү болгон. Ал УКМКга сурак берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн