"Баштан башта" кыймылы камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганын билдирди. Аталган кыймылдын Телеграм каналына жарыяланган видеодон бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот жана аны тарткан адам тинтүү 18-августта кечки саат 6.20да болгонун айткан.
Ички иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.
Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн