Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:21
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Исфанага суктанам...

29.01.2021 14:36
761
Исфанага суктанам...


Исфана шаарынын тургундары жана калаага күн сайын аймактагы башка айыл-кыштактардан агылып келип турушкан атуулдарыбыз тазалык, көрктөндүрүү иштериндеги айтаарлык жылыштар бар экени туурасында жылуу пикирин айтып жүрүшкөнүн тез-тез кулагыбыз чалып калат.


Шаарды кышында кардан, жаз-жай айларында ар кандай акыр-чикирлерден, турак жай, коомдук тамактануучу жайлардан, ишкана, мекеме, уюмдардан чыккан турмуш-тиричилик таштандыларынан тыкыр тазалап, көчөлөрдү көрктөндүрүп, жашылдандырып, жарыктандырып келаткан азамат кызматкерлер туурасында канчалык мактоо сөздөрдү айтсак да жарашат, - дейт, эмгек ардагери Нарынбек Бердияров. – Бул ишкананын тактыгына тан бериш керек. Графикти бузбастан, белгиленген күнү таштандыларды артып кетишет. Качан болбосун көчө бойлорун, арыктарды тазалап, гүл өстүрүп, көчөт тигип, жарыткычтарды орнотуп, көчөлөргө суу сээп, ал эми жаңы жылда борбордук аянтта балатыны орнотуп жүргөнүн көрөбүз.


Былтыркы пандемиянын күчөп турган учурунда шаардагы орчундуу, эл көп жүргөн аймактарды санэпидемстанциянын кызматкерлери менен биргеликте дезинфекциялоо иштерин да ойдогудай жүргүзгөн ишкана дал ушул “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери болушканын баарыбыз билебиз.


Жогорудагы жумуштарды ойдогудай уюштуруп, жамаатын билгичтик менен башкарып жаткан жаш, бирок өз ишине маш – Байзаков Зайирбек Закиржановичке, ишкананын башкы инженери Мавлянов Рахманкулга, айдоочулар – Тажибаев Зафар, Махмадалиев Жамалидинге, багбан – Хайдарали Хайдаровго, иш жүргүзүүчү – Өмүрхан Жаңыбаевага, эсепчи – Абдикундуз Абдрахманов менен башкы тазалоочу Сулуухан Абдиеваларга жалпы жердештерибиздин атынан ыраазылык ыроолоп кетсек ашыктык кылбаса керек.


Ишиңер илгерилей берсин, азаматтар!


Абдиллабек АВАЗОВ

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн