Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Иш күндөрү жылдырылды. Жаңы жылда кыргызстандыктар 9 күн эс алат

24.12.2021 22:22
2535
Иш күндөрү жылдырылды. Жаңы жылда кыргызстандыктар 9 күн эс алат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кенешмесинин жүрүшүндө жаңы жыл мезгилинде жумушчу күндөрдү жылдыруу чечими кабыл алынды.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кабыл алынган чечимге ылайык, жумасына беш күндук график боюнча иштеген республика жарандары үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күнү эмес экендиги жарыяланды. 


Тактап айтканда, 2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү - 2022-жылдын 4-январындагы иш күнүнө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 2022-жылдын 26-февралындагы дем алыш күнү - 2022-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө, 2022-жылдын 26-мартындагы дем алыш күнү 2022-жылдын 6-январындагы жумуш күнүнө жылдырылды.


Белгилей кетсек, 1, 5 жана 9-май да майрам күндөрү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумушчу күн эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди.


2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн