Кайра шайлоого катышуу Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырууга милдеттүү. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев АКИпресс агенттигине билдирген.
Анын айтымында, мандаты бар туруп, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтө албайт.
"Эгер Исхак Масалиев кайра шайлоого катыша турган болсо мандатын тапшырууга милдеттүү. Анткени мыйзамга ылайык бирдиктүү система менен шайланган депутат бир эле учурда бир мандаттуу округдан талапкер боло албайт",- деди БШКнын мүчөсү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн