Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ишкердүүлүктү жандандырып жаткандарга санитардык нормалардын сакталышы эскертилди

29.04.2020 10:31
983
Ишкердүүлүктү жандандырып жаткандарга санитардык нормалардын сакталышы эскертилди


Ишкерлер өз ишин баштоо менен санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого тийиш. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 29-апрелде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт учурда бир катар экономикалык ишкердүүлүктү жандандырууга уруксат берип жатат. Буга байланыштуу өндүрүш жана башка тармагындагы экономикалык ишкердүүлүк кылган ишкерлер өз ишин жандандыруу менен санитардык нормаларды сактоо сунушталат.

Мурда белгиленип жүргөндөй эле ишкерлер социалдык аралыкты, санитардык -эпидемиологиялык тазалыкты сактоо, антисептик каражаттарды колдонуу, бет кап тагынуу жана дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүү керектиги талап кылынат”, - деп айтты ал.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн