Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ишкерлерден өзүн кримтөбөл катары тааныштырып, жүз миңдеген акча талап кылган жаран камалды

02.02.2022 09:45
325
Ишкерлерден өзүн кримтөбөл катары тааныштырып, жүз миңдеген акча талап кылган жаран камалды

Ишкерлерди коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылып жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери опузалап талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү. Буга чейин ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аныкталгандай, чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап келген. 


Маалым болгондой, ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык элементтер ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчаларын алып кетип жүрүшкөн. 


 2020-жылдын ноябрь күнү телефон чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышып, ири суммадагы акчасын алып кетишкен. Опузалап талап кылган жаран ишкердин акчасын алуу үчүн өзүнүн жакын адамын жиберип жүргөн. Кылмышкерлер алып жүргөн акча каражатынын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт.


 Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонуп жүргөн. Бир жыл өткөн соң гана опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон. Бул фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. 


 ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлеринин жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы менен коркутуу жана опузалап талап кылуу фактысына тиешеси бар жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун тургуну 1986-жылы туулган О.Ж. болуп чыкты. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аны тергөө кызматына жеткиришкен. Андан сырткары, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин өздүгү дагы такталып кармалган. 

 ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран О.Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 

 Иликтөө иштери уланууда. 


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн