Ысык-Көл облусунда Нооруз майрамы санитардык ченемдерди сактоо менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев облустук штабдын жыйынында билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
Санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысы Нуркемел Бектуровдун айтымында, иш-чаралар ачык жерлерде өткөрүлүшү керек. Бирок, боз үйлөрдү жана майрамдык даамдарды даярдап чыгууга уруксат эмес.
Катышуучулар беткап кийип, социалдык аралыкты сакташы керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн