Ысык-Көл облусунда беткап тагынуу режими күчөтүлдү. Мындай тапшырманы облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев берген.
"Санитардык- гигиеналык нормаларды сактоо көзөмөлүн күчөтүү зарыл. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр дагы, айдоочулар дагы беткап тагынышы керек. Бул чара базарларга да тийиштүү", - деп белгиледи облус башчысы.
Буга чейин Б.Түлөбаев ноябрь айында эпидемиологиялык кырдаал олуттуу курчуй турганын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн