Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди

15.07.2024 10:00
186
Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин, Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жетекчилери катышты.

Бакыт Төрөбаев мамлекет тарабынан айыл чарбасын көтөрүү үчүн ар тармактуу маанилүү иш-аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, элдин 80%ы элетте жашаарын, алардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн айыл чарбасы авангарддык милдет аткарышы зарылдыгына токтолду.

Белгилей кетсек, курулуш үчүн Чолпон-Ата шаардык мэриясы 1300 чарчы метр жер тилкесин акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берген. Курулушка министрлер кабинети 6 млн сом, ал эми Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 2,5 млн сом бөлгөн.

Эки кабаттуу административдик имараттын жалпы аянты 972 чарчы метр. Бул жерде ветеринардык кызматкерлерди окутуу жана түрдүү семинарларды өткөрүү үчүн 80 орундуу жыйындар залы жана ветеринардык клиника бар.

Учурда райондук ветеринардык башкармалыкта 17 кызматкер жана келишимдин негизинде иштеген 33 адис эмгектенүүдө.

Андан соң министр Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл-тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын базасында машина-трактордук станция түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Аталган борборго тиешелүү 530 гектар айдоо жери, 30 гектар мөмө-жемиш багы бар. Алар Ысык Көл районунун Кожояр, Семеновка, Григорьевка, Бактуу-Дөлөнтү, Бостери айылдарында жана Чолпон-Ата шаарында орун алган. Учурда бул жерлерге арпа, сулу, жүгөрү, буудай, беде, экспарцент эгилген.

Ишкананын балансында эч кандай айыл чарба техникалары жок болгондугуна байланыштуу жерди айдап, дан өсүмдүктөрү менен көп жылдык чөптөрдү эгип, оруп-жыйноодо жеке адамдардын техникалары пайдаланылат. Бул өз кезегинде мамлекеттик ишкананын бюджетине олутуу чыгымдарды алып келүүдө.

Борбордун жетекчиси М. Акматбеков менчигиндеги Григорьевка айылындагы аянты 3,7 гектарды түзгөн мурдагы Ремонтто техникалык ишканасын өз калоосу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине өткөрүп, анын базасында МТС түзүү демилгесин көтөргөн.

Кеңешменин жыйынтыгында Айыл чарбада коорперациялоо, механизациялоо жана иновациялык технологиялар департаментине мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизиминин негизинде биргелешкен ишкана түзүү, анын бардык юридикалык маселелерин тактоо тапшырылды. Ага катар МТСти уюштуруу бизнес-планын түзүү, 2024-жылдын сентябрь айынан тартып ишке кирип жаткан Мамлекеттик лизинг компаниясынан керектүү техникаларды алуунун жол-жобосун иштеп чыгуу айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн