Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 19:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Ысык-Көлдө 26 килограмм "гашиш" менен жергиликтүү тургун кармалды

11.04.2022 14:37
475
Ысык-Көлдө  26 килограмм "гашиш" менен жергиликтүү тургун кармалды

ИИМдин кызматкерлери баңгилик лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин Тергөө кызматынын менен биргеликте каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү баңгилик лаборатория аныкталып, анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.


 Ысык-Көл облусу тургуну Т.А. аттуу жарандын үйүндө шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү баңги лабораториясы үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочканын ичинен кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат табылып алынган, ал таңгактары менен жалпы салмагы 26 килограммды түзгөн, болжол менен «гашиш» баңгизат каражаты болгон. 

Ошондой эле, ал жакта баңгизатты жасоочу шаймандар: тор, сугаргыч, чака болгон.

 Андан ары ашкананын терезесинен боз түстөгү желим идишке салынган ширеңке кутучаларынын астына салынган жалпы салмагы 26 граммды түзгөн «гашиш» баңгизат каражаты табылып, алынган.

 Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограмм 026 граммды түзгөн.


 Кармалган Т.А. аттуу жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн