Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:01
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ысык-Көлдө бруцеллёз менен ооруган малды саткан жаранга карата кылмыш козголду

11.06.2021 15:30
1239
Ысык-Көлдө  бруцеллёз менен ооруган малды саткан жаранга карата кылмыш козголду


Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан малдарда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана четтетүү боюнча ветеринардык адистер тарабынан ветеринардык-санитардык эрежелерди тийиштүү талапта аткарбагандыгы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Түп райондук милициясына Талды-Суу айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 28-март күнү Каракол шаарынын мал базарынан О.Б. аттуу жарандан, тийиштүү ветеринардык тактамасы менен 64 миӊ сомго уй сатып алгандыгын, үйүнө алып келип, дагы бир жолу ветеринардык текшерүүдөн өткөргөндө, сатып алган малы бруцеллёз илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун көрсөткөн.

Аталган факты райондук милициянын КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашырып келген Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну Б.М., КР «Ветеринари жөнүндө» мыйзамынын жана өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасындагы жеке ветеринардык практиканы жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун» талаптарын эске албастан, мөөнөтү өтүп кеткен күбөлүктүн негизинде, жаӊы ветеринардык күбөлүктү бруцеллез илдетине чалдыккан уйга жазып берүү менен, аны Каракол шаарындагы мал базарынан колдон колго сатылып кетүүгө шарт түзгөндүгү аныкталган.

Жеке ветеринардык практика менен алектенген адамдын кыймыл-аракетинде КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 156-берененин 1-бөлүгү (“Ветеринардык эрежелерди бузуу”) менен көрсөтүлгөн талаптары бузулгандыктан, чогулган материалдар Жети-Өгүз райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына чара көрүүгө жиберилген.

Ушундай эле арыз менен Түп районунун Шаты айылынын 67 жаштагы тургуну кайрылып, 9-май күнү Каракол шаарындагы мал базарынан сатып алган бодо малы, кийинчерээк «Цестодоз тобундагы гемильтозом» илдети менен ооругандыгы белгилүү болгондугун арызында көрсөткөн.

Аталган факты да Түп райондук милициясынын КЖБРне катталып, КР Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жугуштуу илдетке чалдыккан бодо малга ветеринардык күбөлүктү Тоӊ райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын ветеринар – дарыгери, 27 жаштагы К.Ы. бергендиги аныкталган.

Учурда жаныбарда жугуштуу илдеттин качан пайда болгонун аныктоо максатында, Ысык-Көл облустук ветеринардык диагностика борборунда тийиштүү изилдөө жүргүзүлүп келүүдө. Анын жыйынтыгы менен тергөө-процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы ветеринария жаатындагы мыйзамдардын талаптарын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жооптуу кызматкерлер жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаса жана адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч түзгөн жагдайларды жашырса КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартатыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн