Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ысык-Көлдө 11 жаштагы блогер Бекболот Турдушев изделүүдө

27.09.2023 17:12
1086
Ысык-Көлдө 11 жаштагы блогер Бекболот Турдушев изделүүдө


Ысык-Көлдө 11 жаштагы блогер Бекболот Турдушев изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, баланын атасы милицияга кайрылган. Ал Бекболот 25-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Караколдогу достору менен жолугуу үчүн Түптөн чыгып кеткендигин жана ошондон бери байланышка чыкпай жатканын билдирген.


Факты катталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылынын тургуну Бекболот Турдушев 2021-жылдын февраль айында президентке видео кайрылуу жасаган. Ал мамлекет башчыдан айылына мектеп куруп берүүнү суранган. Кийинчерээк бала президент Садыр Жапаров менен жолуккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн