Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында 42 жаштагы аял очокканасына асынып алды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 20-март күнү болгон. Анда маркумду алгач жакындары көргөн.
"Жерине келген милиция кызматкерлери денеге кароо жүргүзүп, күч колдонуу белгилери жок экенин айткан. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн